Site icon Reporter.kg

Баткен: Жапаров эл чогулткан акча каякка жумшаларын айтты

Атайын эсепке жарандардан чогулган 307 млн сом бир тыйынына чейин Баткен облусунун тургундарына багытталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров Баткен облусунда Баткен жана Ош облустарында Тажикстандын куралдуу агрессиялык актысынын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отурумун өткөргөн.

Отурумда Жапаров Баткен облусуна президентинин тапшырмасы менен келгендигин белгиледи.

«Мамлекет башчы Баткен облусундагы кырдаалды күн сайын көзөмөлдөп турат. БУУнун сессиясына катышуусу мындан 6 ай мурун белгиленген. Өлкөнүн президенти дүйнөлүк бийик трибунадан биздин аймакка агрессивдүү басып кирүү болгондугун жарыялады. Карапайым элге ок атылып, көпүрөлөр жардырылды, жолдор тосулуп, үйлөр талкаланып, тонолгон, айрым жарандар өзгөчө ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Өзбекстан менен чек ара маселеси тынчтык жолу, сүйлөшүү жолу менен чечилди. Биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы 200 чакырым талаштуу аймактарды чечүү үчүн бардык күч-аракетти жана потенциалды жумшайбыз. Кандай жол болбосун биз элдин тынч жашоосун камсыздоо үчүн чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечебиз», — деди ал.

Мамлекеттик комиссиянын отурумунда калыбына келтирүү иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан биринчи кезектеги чаралар, куралдуу кагылыштын натыйжасында каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү, чарба субъекттерине келтирилген зыянды баалоо жана аларга компенсация төлөп берүү, ошондой эле кыйраган жана жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү маселеси каралды.

Жапаров суук түшө электе бузулган турак жайларды калыбына келтирүү зарылдыгын баса белгиледи. Бул максатта Ош жана Жалал-Абад облустарынан керектүү атайын техникалар жана адистер тартылат.

«Турак жайларды калыбына келтирүү иштери тез арада жүргүзүлүшү керек. Баткен жана Лейлек районунун тургундарына өзгөчө мамиле талап кылынат, алар бардык зарыл нерселер менен толук камсыз болушу керек. Атайын эсепке жарандардан 307 млн сом түшкөн. Бул финансылык каражаттар бир тыйынына чейин Баткен облусунун тургундарына багытталат. Бул маселе менин өзгөчө көзөмөлүмдө турат», — деди ал.

Мамлекеттик комиссиянын отурумунун жыйынтыгында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Тактап айтканда, Финансы министрлигине калыбына келтирүү жана жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү боюнча чараларды ыкчам тартипте каржылоо тапшырмасы берилди.

Профилдик түзүмдөргө үйлөрү жабыркаган жана капиталдык оңдоого муктаж жарандарга эки этапта 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды атайын эсептен бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Үйлөрү жабыркаган, бирок капиталдык оңдоого муктаж үйлөрдүн категориясына кирбей калган жарандарга 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө республикалык бюджеттен бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө чечимдин долбоорун кыска мөөнөттүн ичинде президенттин администрациясына киргизүү тапшырмасы берилди.

Ведомствого ошондой эле Баткен жана Лейлек районунун тургундары үчүн социалдык жөлөкпулдарды эсептөө тартибин жөнөкөйлөштүрүү тапшырмасы берилди.

Экономика жана коммерция министрлигине 10 күндүк мөөнөттө жабыр тарткан ишкер субъекттерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө токтомдун долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана президенттин администрациясына киргизүүсү тапшырылды.

Энергетика министрлигине электр энергиясын үзгүлтүксүз берилишин камсыздоо жана чек арага жакын жайгашкан айылдардагы жабыркаган үй-бүлөлөрдү бекер көмүр менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Тиешелүү ведомстволорго Ак-Сай жана Чоң-Талаа айылдарындагы жалпы билим берүү мектептерин коопсуз аймактарга куруу боюнча тапшырмалар берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version