Site icon Reporter.kg

Баткен: Жараксыз абалдагы үйлөр тазаланууда

Самаркандек айылында жалпы 10 жараксыз болгон үй тазаланып бүттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Миң-өрүк участкасында 33, Ак-сай айылында жалпы 44 жараксыз болгон үйлөр тазаланды.

Белгилей кетсек, Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 640 турак үй такталган. Анын ичинен 423ү жашоого жараксыз, 217 оңдоп-түздөөгө муктаж. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version