Site icon Reporter.kg

Баткен: Жардырылган көпүрөнүн жанына убактылуу көпүрө салынды

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда 16-сентябрда Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында Тажикстан аскерлери жардырган көпүрөнүн жанына убактылуу көпүрө салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Транспорт министринин орун басары Таабалды Тиллаевдин айтымында, жаңы салынган көпүрө убактылуу түрдө жеңил жана оор жүк ташуучу унаалардын өтүшү үчүн салынды. Алдыда 36 метрлик көпүрө кайра куруу иштери турат.

«Бүгүндөн баштап бузулган 36 метрлик көпүрөнүн курулуш иштери башталат. Курулуш иштери 2 айга созулат деп пландап жатабыз. Көпүрө өз ордунда курулат. Көпүрөнү эртерээк бүтүргөнгө аракет кылабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда Тажикстандын аскерлери Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун 7-чакырымындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version