Site icon Reporter.kg

Баткен: Жол милициясынын кызматкерлери коррупцияга шектелүүдө

Баткен облусунун Кадамжай районунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине коррупция беренеси боюнча иш козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой укук коргоо органдарынын кызматкерлери жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча алып, Кадамжайга аткезчилик жол менен жүк ташылып келишине шарт түзүп берип турган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version