Баткенде үйүндө курал сактагандар кармалды

Баткенде үйүндө курал сактагандар кармалды

Баткен облусунда үйүндө курал-жарак сактап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун 58 жаштагы тургуну Т.С. эч кандай тиешелүү документтери жок, ТОЗ-8 үлгүсүндөгү бир даана сайлуу ок атуучу куралын, ИЖ-56 “Белка” эки стволдуу ок атуучу куралын, беш даана 28 калибрдеги гильзалары жана бир даана аңчылык бычагын саткандыгы аныкталган.

Соттон тинтүү жүргүзүү уруксаты менен 58 жаштагы Т.С.нын үйүнө тинтүү жүргүзгөн мезгилде сактап жүргөн бир даана  1953-жылы чыгарылган  ТОЗ-8 үлгүсүндөгү үстүндө оптикасы бар сайлуу ок атуучу куралы, бир даана ВЗ-1 үлгүсүндөгү пневматикалык ок атуучу куралы жана 6 даана 7,62х39 үлгүсүндөгү октору далил буюм катары алынган.

Ошондой эле Т.С.нын кылмыштуу шериги 39 жаштагы Ш.У. экендиги аныкталган. Ш.У. аттуу шектүүнүн  жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөндө бир даана  ТОЗ-17 үлгүсүндөгү ок атуучу куралын, 1953-жылы чыгарылган СКС үлгүсүндөгү ок атуучу куралын жана 7,62х39 SP үлгүсүндөгү жалпы 28 даана октору менен сактап жүргөн жеринен аныкталып алынган.

Жалпысынан далил буюм катары 6 даана ок атуучу курал, 42 даана октор жана 1 даана аңчылык бычагы алынып,  тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Ал эми шектүү катары кармалган Т.С. менен Ш.У. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>