Баткенде Өзбекстан салып берген оорукана ачылды — сүрөт

Баткенде Өзбекстан салып берген оорукана ачылды — сүрөт

22-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунда 200 орундуу оорукана ачылды. Саламаттык сактоо министрлиги бул медициналык жай Өзбекстандын каржылык колдоосу менен курулганын маалымдады.

Оорукананын ачылыш аземине Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Амрилла Иноятов, Баткендеги өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Тез курулуучу долбоор менен ишке ашкан оорукана коронавирус инфекциясы жуккандарды дарылоого ыңгайлаштырылып, заманбап үлгүдө салынып, Германиянын техникалык жабдуулары коюлду.

Имарат эки корпустан турат. Өзбекстан COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга медициналык жана гуманитардык жардам берип келет.

[su_image_carousel source=»media: 52654,52655,52656,52657,52658,52659,52660″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>