Баткенде өзгөчө абал киргизүү менен аскердик машыгуу башталды — ФОТО

Баткенде өзгөчө абал киргизүү менен аскердик машыгуу башталды — ФОТО

Баткен облусунда Коргоо министрлигинин “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” машыгуусу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, машыгууга 2 миңге жакын аскер, 100гө жакын автомобилдер, брондолгон жана атайын техникалар, артиллериялык системалар, авиациялык техникалар тартылган.

Машыгуунун алкагында аймакка өзгөчө абал жана аскердик абал киргизилип, аскердик жана мамлекеттик органдар  күжүрмөн аракеттерин көрсөтүшөт.

Белгилей кетсек, машыгуунун негизги катышуучулары аскер кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер,УКМК, ӨКМ, милиция жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери.

Машыгуунун биринчи  этабында аймактын мамлекеттик башкаруу органдары аскердик жана өзгөчө абал шарттарында тапшырмаларды аткарышат.

Кийинки этаптарда аскердик машыгуу, өзгөчө кырдаал учурундагы элдерди эвакуациялоо, ички иштер органдарынын стратегиялык обьект Төрт-Гүл суу сактагычын кайтаруу аракеттери болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>