Site icon Reporter.kg

Баткенде 19 тонна помидорду мыйзамсыз алып кирген аткезчилер кармалды

Баткенде 19 тонна помидорду мыйзамсыз алып кирген аткезчилер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-мартта УКМК «Жаны-Жер» чек ара заставасынын аскер кызматкерлеринин жардамы менен «Шоро»  май куюучу жайынын кампасын тинтүүгө алган. Кампадан Р.С.Х. аттуу кыргыз жаранына таандык «Volvo» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа чиркегичи менен, ошондой эле  К.А.Р аттуу кыргыз жаранына таандык болгон «Mercedes-Atego» автоунаалары табылган. Унааларга коңшу өлкөнүн А.А. жана С.М. аттуу жарандарына таандык 19 тонна аткезчилик помидорлор жүктөлүп турган.

Кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталган.

Exit mobile version