Site icon Reporter.kg

Баткенде 2 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Баткен шаарындагы жеке менчикке мыйзамсыз берилген 2 гектар жайыт жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2007-жылы шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жайыт жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берген.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, аталган жерди ээси Б.С. Баткен шаардык мэриясына өз ыктыяры менен кайтарып берген.

Exit mobile version