Site icon Reporter.kg

Баткенде 2 килограмм баңгизат алып бара жаткан адам кармалды

Баткенде 41 жаштагы жаран 2 килограмм баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын атайын операциясынын алкагында Баткен облусунун Кадамжай шаарынын 41 жаштагы У.З. аттуу тургуну кармалган.

Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан кара-күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу менен ал Ооганстанда өндүрүлгөн 1 килограмм 938 грамм салмактагы гашиш баңги заты экендиги аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
[su_image_carousel source=»media: 42157,42158″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version