Site icon Reporter.kg

Баткенде 230 миң сомдук зер буюмдарды уурдоого шектүү кармалды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында алтын саткан дүкөндөн зер буюмдарды уурдоого шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, белгисиз адамдар «Таштемир ажы» соода базарындагы алтын саткан дүкөндөн 230 миң сомдук эки алтын чынжырды уурдап кеткен. Ага байланыштуу дүкөндүн ээси милицияга арыз жазган.

Аталган факт боюнча «уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүу катары 34 жаштагы У.Д. аттуу аялды кармады.

Уурдалган зер буюмдар өз ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version