Site icon Reporter.kg

Баткенде 250 млн сомго соода комплекс салынууда

Баткен шаарында 250 млн сомго муниципалдык соода комплекс салынууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ал шаардын Чет-Булак аймагынын «Айгүл-Таш» көмөк чордону тилкесинде бөлүнүп берилген 15 га жерге курулууда. Соода комплекси 3 блоктон турат. Учурда анын 1-блогунда курулуш иштери жүрүүдө.

«Бүгүнкү күндө соода-сатык комплексинин 1-блогунун пайдубалы түптөлүп, фермасы жасалып, курулуш иштери 70%га аткарылды. Учурда монтаждоо иштери жүрүп жатат. Быйыл 2024-жылдын күз айларында соода-сатык комплексинин 1-2-блоктору пайдаланууга берилет», — деп айтылат маалыматта.

Бул соода комплекс толугу менен курулуп бүткөндөн кийин 2,5-3 миң киши жумуш менен камсыз болот деп күтүлүүдө.

Муниципалдык соода-сатык комплексинде азык-түлүк, кийим-кече, айыл чарба, курулуш, унаа жана техникалык материалдарды сатуучу борборлор курулуп, тейлөө, тамак аш, унаа токтоочу жайлар уюштурулат.

Exit mobile version