Баткенде 3 млн сомго жакын аткезчилик жүк кармалды

Баткенде 3 млн сомго жакын аткезчилик жүк кармалды

Баткенде мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз ташылып бара жаткан 2 миллион 947 миң сомдук аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  1-апрел күнү Кара-Бак айылына жакын жердеги кыргыз-тажик чек арасынын көзөмөл өткөрүү бекети жок жерден 1 тонна солярканы Кыргызстандан чыгарып кетүүгө аракет кылган Hyundai Porter унаасы кармалган.

Ошол эле күнү кыргыз-өзбек чек арасында 39 жаштагы Т.А. аттуу адам кармалган. Ал Кыргызстандан Өзбекстанга көзөмөл өткөрүү бекети жок жерден 150 килограмм конфет, 320 сакал алуучу уста ара, 180 чач кургаткыч, 60 чачка плойка жана 900 аялдардын колготкисин алып өтүүнү ойлогон. Алынган товарлардын жалпы баасы 400 миң сомго бааланган.

Бүгүн, 2-апрелде Кадамжай районунда да аткезчилик жүк кармалган. М.О. атту кыргыз жараны менен А.Б. аттуу өзбек жараны мыйзамыз жол аркылуу Өзбекстанга 2 миллион 500 миң сомдук жүктү киргизүүгө аракет кылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>