Site icon Reporter.kg

Баткенде 332 турак жай колдонууга берилди — видео

Бүгүн, 24-февралда, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында жаңы бүткөн үйлөрдүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Жергиликтүү тургундар менен баарлашуу учурунда Акылбек Жапаров чек ара, жазгы талаа иштерине жана башка социалдык маселелерге байланыштуу суроолорго жооп берди.

“Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди. Тажикстан менен дагы чечебиз. Маселе президенттин көзөмөлүндө. Президенттин тапшырмасы менен бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери аяктоодо. Мындан ары жалаң жакшылыктар болсун”,-деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин толук салынып бүткөн турак жайларды кошкондо бүгүнкү күндө 332 үй колдонууга берилди. Калган 86 үйдүн толук курулушу мартта аяктайт.

Эскерте кетсек,  2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кагылыштын кесепетинен Баткен облусунда 422 үй жарактан чыккан. Анын 418и жаңыдан курулуп, 4 үй капиталдык ремонттон өтүүдө.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам Кыргызстандын 63 жараны курман болду. Алардын ичинен 48и аскер кызматкери, 15и жай тургун. Ошондой эле, 206 киши ар кандай жараат алды, 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. 700гө жакын үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалга кептелди. Бастырып кирүүдөн кыргыз тарап жалпы суммасы 6-8 млрд. сомдук зыян тарткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version