Баткен облусунда 2023-жылдын 6 айында “РСК Банк” жана “Айыл Банк” тарабынан 6% дык насыялар жалпы 508 ишкерге берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, 408 ишкер насыяны мал чарбачылыгы багытына алса, 100 ишкер дыйканчылык үчүн алган. Берилген насыялардын суммасы 232,1 млн сомду түздү.
“Аны менен катар республикалык бюджеттен Финансы кредиттик фонду аркылуу чек арадагы акыркы окуяда жабыркаган ишкерлерди колдоо максатында, 107 ишкерге 1% менен жалпы 90,2 млн сом насыя берилди. Жалпы 162 ишкер кайрылган, улам кредиттик келишимдер түзүлүп, насыясы которулууда”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча 5 фермер 2,5 млн сом насыя алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз