Баткенде 63 жаштагы адам өз инисинин колунан каза тапты

Баткенде 63 жаштагы адам өз инисинин колунан каза тапты

Баткендин тургуну пикир келишпестиктен улам өз бир тууганын өлтүрүп алды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

12-сентябрда Баткен РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Кыштут айылынын тургуну өз үйүндө белгисиз себептен каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Баткен РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгып каза болгон жаран ошол айылдын 63 жаштагы тургуну экендигин, ал өз инисинин колунан каза болгондугун аныкташкан.

63 жаштагы маркум Кыштут айылында 81 жаштагы өзүнүн апасы менен бир үйдө жашагандыктан, анын бир тууган 46жаштагы иниси “сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсын” деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, мойнунан муунткан. Алган жараатынан улам 63жаштагы жаран ошол эле түнү окуя болгон жерде каза болуп калган.

Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми аныкталып кармалган 46жаштагы иниси убактылуу кармоо жайына киргизилди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>