Site icon Reporter.kg

Баткенде 77 миң балага жөлөк пул берилет

Баткен облусунда жалпы 77 миң бала жөлөк пул алат. Бул тууралуу парламенттин Социалдык саясат комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан боюнча 118 миң үй-бүлөдөгү 348 миң балага жөлөк пул берилет

«Баткен облусу боюнча 18 миңге жакын үй-бүлөдөгү 77 миң бала жөлөк пул алат. Акча каражаты жетиштүү, жөлөк пулдар оз убагында төлөнөт», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version