Баткенде 8 аял ишкердигин өнүктүрүү үчүн гран алды

Баткенде 8 аял ишкердигин өнүктүрүү үчүн гран алды

Баткен шаарында 20 аял инсандык өнүгүү, бизнести пландаштыруу боюнча окутууга катышты. Бул тууралуу  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айымдар кулинария, тигүүчүлүк, өз ишмердүүлүгүн социалдык тармактар аркылуу алдыга жылдыруу, товарды же кызматты жарнамалоо, айыл чарба продукцияларын чакан күнөсканаларда өндүрүү, аймакта өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын рыноктун талабына ылайык  кургатууну, бизнес план түзүүнү  үйрөнүшкөн.

Окутуулардын жыйынтыгы менен бизнес план түзгөн 8 аял, 400 долларлык грантка ээ болушкан. Өз бизнесин түптөөнү максат кылган кыз келиндерге, ишмердүүлүгүнө зарыл болгон жабдуулар ыйгарылган.

“Бул саамалык “Диалог, ишеним, укук” Коомдук Бирикмесинин “Баткен шаарында үй бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу” долбоорунун алкагында ишке ашты”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле долбоордун алкагында аялдар зомбулукка кабылган жарандарга алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү, стресстен өзүн алып чыгуу боюнча да окутуулардан өтүшкөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>