Site icon Reporter.kg

Баткенде 852 миң сомдук аткезчилик жүк кармалды

Баткенде ири суммадагы аткезчилик менен ташылып келген жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-мартта Баткен районунун Миң-Булак айылында коңшу мамлекеттен контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташып жүргөн Кыргызстандын жарандары кармалды.

“Такталгандай, кошуна өлкөлөрдөн коштомо документтерсиз алынып келинген жалпы көлөмү 2 тоннадан ашык лимон түрүндөгү контрабандалык продуктулар жана 54 миң даана тооктун жумурткалары кармалды. Кармалган жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 852 миң сомго бааланууда”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда бажы органдары тарабынан кармалган жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Exit mobile version