Site icon Reporter.kg

Баткенде айдоочусу менен каналга түшүп кеткен унаа чыгарылды

Баткенде каналга түшүп кеткен жеңил унаа чыгарылды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, бүгүн, 11-июль күнү Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Өл-Агыш айылында каналга түшүп кеткен унааны чыгарууга кайрылуу түшкөн.

Такталган маалыматка караганда, К.М.К. аттуу жаранга таандык “Матиз” үлгүсүндөгү унаа Жолбоону каналына түшүп кеткен.

№76 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн тартылган 4 куткаруучунун көмөгү менен унаа каналдан чыгарылып, жабыркаган жаран 103 кызматына өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version