Site icon Reporter.kg

Баткенде аскер кызматкери аткезчиликке шектелип кармалды

Баткен облусунда Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди

«28-апрелде Лейлек районунун Интернационал айылында «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Ж.А.С. бодо малдарды аткезчилер менен бирге жеке өзү коштоп Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалды»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул кылмыш иши боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн скердик прокуратурасына өткөрүлүп берилгени айтылды.

Exit mobile version