Баткенде аткезчилик жол менен ташылып бараткан 317 миң сомдук жүк кармалды

Баткенде аткезчилик жол менен ташылып бараткан 317 миң сомдук жүк кармалды

18-август күнү Баткен облусунун Айдаркен чек ара бөлүмүнүн чек арачылары аткезчилик жол менен ташылып бараткан 317 миң сомдук жүктү кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-жаштагы кыргызстандык жаран Hyundai Porter унаасы менен 20 куту тиричилик техникасын жана 3 куту жашбалдардын оюнчугун Өзбекстанга мыйзамсыз  алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.Унааны текшерүүгө алганда андагы жүктөрдүн  тиешелүү документтери болгон эмес.
Алынган товардын жалпы наркы 317 миң сомду түзгөн.

Протокол  толтурулгандан кийин кармалгандар Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>