Site icon Reporter.kg

Баткенде автоунаа ала салып бир адам каза тапты

Баткенде жол кырсыгынан бир киши көз жумду.  Бул туууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 8-декабрь күнү саат 07:45тер чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 223-чакырымында Баткен районунун Жаңы-Жер айылында болгон. Анда “Hyundai Solaris”  үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 31жаштагы киши каза болгон.  Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Exit mobile version