Site icon Reporter.kg

Баткенде автоунаа ала салып тойго бараткан 4 киши каза болду

Баткен районунда жол кырсыгынан 4 адам көз жумду. Бул тууралуу “Репортерго” облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 7-декабрда Баткен районунун Кара-Булак айылына жакын жерде Ош–Баткен–Исфана жолунда болгон.  Анда Кара-Булак айылынан «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү автоунаа менен Бужум айылына тойго бара жаткан адамдар жол кырсыгына учураган.  Айдоочу рулга ээ боло албай автоунаа жолдон чыгып ала салып кеткен.

Жол кырсыгынан 4 адам ошол жерде мерт кетип, дагы бир адам жаракат алып ооруканага түшкөн. 

[su_image_carousel source=»media: 51204″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version