Баткенде бөтөлкөлөшүн мууздаган адам кармалды

Баткенде бөтөлкөлөшүн мууздаган адам кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда  пикир келишпестиктен таанышын бычак менен сайып өлтүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 15-июнда Исфана шаарынын 3 тургуну спирт ичимдиктерин ичип отуруп, жаңжалдашып кетишкен.  Кайым айтышуунун жыйынтыгында 41 жаштагы Ж.Б. аттуу адам бөтөлкөлөшү 49 жаштагы Б.А аттуу адамды бычак менен мууздап окуя болгон жерден изин жашырган. 

Лейлек РИИБи бул окуя боюнча Жазык Кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгогон.

Кылмышкер көп узабай кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.    

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>