Баткенде баңгизат алып бараткан унаа ала салып айдоочусу көз жумду — сүрөт

Баткенде баңгизат алып бараткан унаа ала салып айдоочусу көз жумду — сүрөт

Баткенде кырсыкка учураган унаадан маңзат табылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү Баткен районунун Жаңы-Жер айылы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана унаа жолунун 221 чакырымында “Хендай солярис” үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, автоунаанын айдоочусу ошол жерде каза болгон. Окуя болгон жерге, кырсыкка учураган автоунаага кароо жүргүзгөндө айдоочусу Жалал-Абад облусунун 31жаштагы А.Ж.аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Ошондой эле автоунаанын арткы жүк салгычынан  кызыл-кара түстөгү спорттук сумка табылып андан 3 даана атайын целлофан пакетке оролгон өзгөчө жыты бар, болжол менен жалпы салмагы 3кг болгон баңгизатка окшогон нерсе табылган.
Атайын экспертизанын жыйынтыгында ал гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

[su_image_carousel source=»media: 51483,51484,51485,51486″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>