Site icon Reporter.kg

Баткенде банктык карта уурдалып, андан акча чыгарып кетишкен

Кызыл-Кыя шаарында мектептен банк картасы уурдалып, андан 90 миң сом чыгарылып кеткен. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, банк картанын жоголгону тууралуу маалымат бир ай мурун, 27-мартта түшкөн. Уурулук кеңселердин биринде болгон.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча каттоого алынган. Шектүү катары 37 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адам уурдалган сумманы жабырлануучуга кайтарып берген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version