Баткен облусунда Бажы мыйзамдарын бузуу жолдор менен келген 31 чет өлкөлүк номурлуу унаа аныкталды. Бул тууралу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Маалыматка караганда, Бажы кызматынын Түндүк-Чыгыш бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан мурда бажы эрежелерин бузуу менен ташылып келген Toyota Alphard, Honda Jazz, Lexus, Kia, үлгүлөрүндөгү 31 унааны аныкташкан.
Текшерүү учурунда транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк башка транспорт каражатына катталгандыгы билинип, мындан тышкары кузовдун идентификациялык номерлерин (VIN) текшерүүдө бул унаага берилген документ бажы кызматы тарабынан жол-жоболоштурулган эмес жана мыйзамга карама-каршы келген фактылары аныкталган. Учурда бул унаалар тийиштүү чара көрүү үчүн айып короо жайына токтотулду.
Буга чейин ИИМдин ЖКККББгы Бажы кызматы менен биргеликте чет өлкөлүк номурлуу унааларды текшерээрин алдын ала эскерткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз