Site icon Reporter.kg

Баткенде бир күн мурда киргезилген чектөөлөр кайра алынды

Баткенде кечээ,  28-сентябрь күнү коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курчуганына байланыштуу, облустук штаб бир катар чектөөлөрдү киргизилген.

Ага ылайык, 28-сентябрдан тартып район аралык жана ички коомдук транспорттун каттамдары, мал базарлардын иши, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулуп, чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары акыркы үч күндө алынган ПЧР-анализи таза чыкса гана киргизиле турганы кабарлаган.

Соода борборлорунда, дүкөндөрдө, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү, баш ийбегендерге чара көрүү милдети район жана шаар башчыларына жүктөлгөн. Партиялардын шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүү жаатында санитардык эрежелерге көзөмөл күчөтүлөрү да айтылган.

Облустук штаб ошол эле күнү кечке жуук жарандардын жана ишкерлердин кайрылуусун карап чыгып, кабыл алынган чектөөлөр кайра алынганы тууралуу маалымат таратты. Анда жарандардын жана айдоочулардын кайрылуусунан улам чектөөлөр жоюлганы менен, санитардык талаптарды сактоо, беткап тагуу режими күчүндө калганы айтылат.

 

Exit mobile version