Site icon Reporter.kg

Баткенде бир нече кызмат адамдары иштен алынды

Улукбек Марипов

Премьер-министр Баткен облусунун кызматкерлерин кызматтан алуу боюнча бир катар буйруктарга кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Ага ылайык, Эрлан Сапарбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Абдыманап Жакбаров Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Акылбек Орозов Баткен районунун акими кызматынан бошотулду. Баймурат Бекмуратов Лейлек районунун акими кызматынан бошотулду.

Буга чейин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан алынган.

Exit mobile version