Site icon Reporter.kg

Баткенде бир нече жол жабылды — тизме

Баткен облусунда бир нече унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой Баткен облусунун Ош – Баткен – Исфана унаа жолунун 211-220 (Чоң-Талаа), 265 (Кара айыл бөлүгү) менен 272-чакырымдары (Төрт-Көчө бөлүгү) жана Баткен – Кара-Бак, Баткен – Кызыл-Бел жолдору жабык. Ошондой эле минометтун снарядынан Көк-Таш –Ак-Сай жолунун 7-чакырымындагы көпүрө жараксыз абалга келгендигине байланыштуу унаа жол жабылган.

Андан тышкары Лейлек районунун Кайрагач – Кулунду – Арка унаа жолу, эски багыттагы Ош – Баткен – Исфана жолунун 340-346 км аралыгы жабык.

Ошол эле учурда Төрт-Күл – Достук (Кара-Бак айылы), Ак-Сай – Рават, Миң-Булак – Чорго  Ак-Сай, Көк-Таш – Ак-Терек эвакуациялык жолдор ачык.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version