Баткенде чек ара кызматкери каза болду

Чек ара кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн аскери каза болду. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда, келишим менен кызмат өтөп жаткан 27 жаштагы Ы. уулу С. 8-ноябрь күнү спорттук мелдеш учурунда коопсуздук чаралары бузулгандыктан башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жүргүзүлүүдө. Биздин Телеграм каналга катталыңыз