Баткенде чек арадагы үч айылга өзгөчө кырдаал киргизилди

Баткенде чек арадагы үч айылга өзгөчө кырдаал киргизилди

Баткен районунун айыл аймактардын үчөөнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Буга чейин топтолгон эл Көк-Таш айылындагы жаш балдар менен аялдар Баткенге жеткирилгенин жана  кыргыз жеринде жайгашкан аскер бөлүмүн аткылап, кызматкерлер эч кандай каршылык көрсөтө албай качып чыкканын айтышкан.

Белгилей кетсек, 29-апрелде Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуп кеткени айтылган. Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Алар кыргызстандыктарга жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.

Ал эми облустук милиция Баткендеги чек арада атышуулар уланып, жаракат алгандар бар экенин билдирген. УКМК болсо Тажикстандын чек ара кызматы телефон чалууларды кабыл албай жатканын кошумчалаган.

Мындан сырткары, Көк-Таш айылынын тургундары элге курал берүүнү талап кылууда. Соңку маалыматтар боюнч тажик тарап Көк-Таш айылындагы трансформаторду атып, электр жарыгы өчкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>