Баткен облусунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, облустук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Баткен облусунун аймагында жүргүзүлгөн «Экстремист» операциясынын жүрүшүндө мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 65 жаштагы М.М. аттуу жергиликтүү тургун Кылмыш кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.
Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз