Site icon Reporter.kg

Баткенде чөө 3 адамга жана үй жандыктарына кол салды

30- январда Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылында 3 жаранды чөө бөрү тиштеген. Бул тууралуу облустук администрациядан билдирди.

Аймакта эпидемияга жана эпизоотияга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын чукул отуруму өттү.

Маалыматка караганда, жабыркаган жарандар ооруканага кайрылып, аларга кутурмага каршы вакцина дайындалып, эмдөө алууда.

Чөө бөрү ошол эле күнү жок кылынган. Ал үч жарандан сырткары бир канча үй жаныбарларына да кол салган.

Ветеринардык кызматкерлер айылдагы иттерди атууда.

Exit mobile version