Site icon Reporter.kg

Баткенде чыгымдарды эсептөө боюнча 52 ыкчам-тергөө тобу иштөөдө

Кыргыз-тажик тилкесиндеги чыр-чатакты иликтөө жана  келтирилген чыгымдарды эсептөө боюнча 52 ыкчам-тергөө тобу иштөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө.

ИИМдин «Шер» атайын багыттагы отряды менен УКМКнын Чек ара кызматынын «Бөрү» атайын дайындоодогу отряды күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.

Ошондой эле бүгүнкү күндө 52 ыкчам-тергөө тобу чыгымдарды тактоо боюнча иштерди жүргүзүп, тажик тараптан курал колдонулганы жөнүндө далилдерди документтештирип, топтоодо. Андан сырткары, милиция кызматкерлери жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүп жатат. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик чек тилкесинде абал туруктуу экени айтылат.

Exit mobile version