Site icon Reporter.kg

Баткенде дайынсыз жоголгон өспүрүмдөр табылды

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүкзар айылынын 12 -13 жаштагы эки өспүрүм тургуну 2-декабрь күнү жоголгон. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгы билдирди.

Үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан балдар Кадамжай шаарындагы автобекеттен табылды.

Милиция балдарды ата-энесине өткөрүп берип, окуянын чоо-жайын иликтөөгө киришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version