Site icon Reporter.kg

Баткенде мыйзамсыз дары-дармек ташып бараткан жаран кармалды

Баткен облусунда дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте бажы эрежелерин бузуу фактысын аныкташты.

Алар тарабынан Баткен районунун «Развилка» мобилдик постунда Кыргызстандын жараны «Д.К.Д» башкаруусундагы «Лада-2107» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Текшерүү учурунда унаанын салонунан жалпы салмагы 60 кг, 600 даана таңгак санында  «Цинепар» таблеткалары (парацетомол жана диклофенак натрий таблеткалары) табылган.

ЕАЭБдин бажы аймагында сатуу үчүн жүктүн бажыга байланыштуу эч кандай жүк коштоочу  документтери болгон эмес.

Кармалган товардын баасы 360 миң сомду түзгөн. Бул факты боюнча айып салынып, 60 000 сом өндүрүлгөн, товарлар жок кылынууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version