Site icon Reporter.kg

Баткенде директор кол алдындагы кызматкердин 387 миң сом айлыгын кымырып алган

Баткен шаарындагы «Өрүкзар» бала бакчасынын директоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Директор И.С.га «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен кылмыш иши ачылган.

Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, бала бакчанын жетекчиси 2021-2023-жылдар аралыгында кол алдында иштеген кызматкердин 387 миң сом айлыгын кымырып алган.

Exit mobile version