Баткенде добуш берүү 218 тилкеде өтөт — ФОТО

Баткенде добуш берүү 218 тилкеде өтөт — ФОТО

Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өнөктүгүн өткөрүү үчүн Баткен облусунда референдумга карата 218 шайлоо участкалары, ал эми  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна 201 шайлоо тилкелери ачылып,  өз ишмердүүлүктөрүн башташты.

Билдирүүгө таянсак, облус боюнча референдумга шайлоочулардын саны 300 500, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна 279 875 шайлоочу, добуш берүүчүлөрдүн тизмесин түзөт.

Облуста  27 айылдык, 6 шаардык кеңештерге шайлоо өтүүдө.

Шаардык кеңештин депутаттыгына 166 мандатка  56 партия жана айылдык кеңештин депутаттыгына 577 мандатка 1633 талапкерлер  ат салышууда.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык шайлоо участкаларында санитардык талаптарга ылайык шарттар түзүлгөн.

Бул күнү коомдук коопсуздукту камсыздоого жалпысынан 882 ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-апрелде саат 8:00дөн баштап 2 миң 435 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Чет өлкөдө 48 шайлоо тилкеси референдумга добуш берүүдө. Добуш берүүчү жайдан тышкары 19 миң 298 шайлоочу киргизилген, кечээ анын 17 миң 99у добуш беришти. Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>