Site icon Reporter.kg

Баткенде дүкөндү тоногон эки жигит кармалды — сүрөт

Бишкекте уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, 2022-жылдын 17-мартына караган түнү дүкөнүнүн эшиги талкаланып, 600 миң сомун уурдап кетишкенин билдирген. Аталган факты боюнча 205-берене “Уурдоо” боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүүлөр Бишкектен табылды. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан 15 жаштагы Н.К. (Базар-Коргон шаарынын тургуну) жана 18 жаштагы М.Ж. (Баткен районунун тургуну). Кармалгандар уурдалган акчага уюлдук телефондорду жана кийим-кечелерди сатып алышкан. Иш сотко өткөрүлдү.

Exit mobile version