Site icon Reporter.kg

Чек арадагы эл Камчыбек Ташиевге нааразы болууда — ВИДЕО

Чек арада жашаган тургундар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Өзбекстан менен алмашкан жерлерине нааразы болууда. Бул тууралуу алара интернет аркылуу кайрылуу жасашкан.

Алар УКМКнын жетекчисин эл менен жерине келип сүйлөш деп кайрылуу жасап, суу болбосо өз аймагында жашоо кыйын экенин айтышкан.

“Сен мурда жер саткандардан өтүп, жер сатуу бюнча чемпион болдуң. Биз жерибизди эч качан бербейбиз. Шаркан-Сай каналынан 50 метр эмес, 50 сантиметр да өткөрбөйбүз. Акырына чейин турабыз. Жерибизди сатты, эми элибизди сатсын”, — деген тургундардын бири.

Ошондой эле өкмөттүн өкүлдөрү эл менен жолукпай жашыруун келип кетип жаткананын айтышты.

Exit mobile version