Site icon Reporter.kg

Баткенде эвакуация болгон 15 миңден ашуун жаран үйлөрүнө кетишти

Баткен облусундагы эвакуация болгон 15 миңден ашуун жаран үйлөрүнө кайтып келишти. Бул тууралуу Медиа штабдын Телеграм каналына жарыяланды.

Маалыматка караганда, 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын аскерлеринин агрессивдүү кол салуусунуну натыйжасында Баткен облусундагы эвакуация болгон 15 миң 532 жаран үйлөрүнө кайтып келишти.

Бул тууралуу эвакуациялоо комиссиясынын видеоконференция аркылуу өткөн жыйынында Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Сейтмурат Калыков билдирди.

Анын айтуусунда, Тажикстандын аскерлеринин Кыргызстанга куралдуу кол салган жерлерден Баткен облусунун 136 миң 770  тургундары эвакуацияланган. Алардын ичинен 15 миң 532 жаран үйлөрүнө кайтып келишти. Калгандары убактылуу жайгаштырылган жайларында жана кайдыгер эмес жарандардын үйлөрүндө баш калкалоодо.

Ошондой эле, эвакуация болгондорго медициналык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, жергиликтүү активисттерден жана ыктыярчылардан турган жумушчу топ жеринде эвакуация болгон жарандарга гумманитардык жардамдарды бөлүштүрүп беришүүдө.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version