Site icon Reporter.kg

Баткенде имамга унаа белек кылышты

Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Токтогул Баба» мечитинин имам-хатиби Сапарбай Акматовго аталган айылдын эки ишкери тарабынан Honda Jazz үлгүсүндөгү автоунаа белекке берилди.

Муфтияттын маалыматына караганда, Сапарбай Акматов 34 жылдан бери имам болуп иштеп келет.

Эскерте кетсек, буга чейин Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын имам-хатиби Жусуп Кудайбердиевге достору автоунаа белек кылышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version