Баткенде ири өлчөмдөгү контрабандалык жүк кармалды

Баткенде ири өлчөмдөгү контрабандалык жүк кармалды

Баткен облусунда контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-мартта 358-берененин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча Баткен райондук сотунун чечиминин негизинде, Баткен районунун Кара-Бак айылында жайгашкан кампада тергөө иш-аракеттери жүргүзүлдү. Кампанын ээси аталган А.А. таандык 212 мүшөк жем, 149 мүшөк арпа, 126 кап буудай жана 77 мүшөк жүгөрү табылып алынды.

Ошондой эле кампаны тинтүү иштеринин жүрүшүндө, ошол эле айылдын тургуну Б.С. таандык 40 тоннага жакын жем, 128 кап селитра жана 158 кап минералдык жер семирткичтер табылган.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>