Site icon Reporter.kg

Баткенде ири көлөмдө «апийим» алып жүргөн киши кармалды

Баткен облусунда ири өлчөмдө апийим менен шектүү жарандар кармалышты. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан өлкөбүздүн аймагындагы баңгизатын ири өлчөмүндө, оор түрлөрүн сатуу менен уюшулган туруктуу топ аныкталып, кармалды. 2022-жылдын 25-февралында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында атайын ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүлуп, К. уулу Э. кармалып, оң колунда кармап турган кара түстөгү баштыгынын (Рюкзак) ичинен эки даана күмүш түстөгү фольгага оролгон, анын ичинде скотчтолгон таңгактар табылып далил буюм катары алынган.

Мындан тышкары, бул кылмышка дагы бир шектүү катышкандыгы аныкталып, ыкчам-издөө иш чараларын өткөрүү учурунда К.К. аттуу жаранды жаранды кармашкан. Алынган заттар соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык таза салмагы 2 кг 16 гр. «Апийим» баңги заты экендиги аныкталган.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыштарга тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version