Site icon Reporter.kg

Баткенде күчү 6 баллга жеткен жер титрөө катталды

Баткен облусунун аймагында болгон жер титирөөнүн күчү 6 баллга жетти. Сейсмология институтунун маалыматына карганда жер титрөө 16-июлда саат 16:45де катталган.

Жердин силкиниши Кадамжай районунун Айдаркен шаарында жана ага жакын жердеги айылдарда — 5 балл,

Баткен жана Кадамжай шаарларында жана ага жакын аймактагы бир нече айылда – 4 балл,

Кызыл-Кыя шаарында, Лейлек районунун Кара-Суу айылында. Баткен районунун Табылгы, Сары-Талаа айылдарында 3,2 баллга жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Exit mobile version