Баткенде күйүүчү майды контрабандалык жол менен ташыгандар аныкталды

Баткенде күйүүчү майды контрабандалык жол менен ташыгандар аныкталды

Баткенде күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз жол менен  ташыгандар аныкталды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-мартта Лейлек районунун Жаштык айылынын жанында жайгашкан кампага жана ага жакын жердеги «BS-Petrol» май куюучу жайына 39-358-берененин 1-бөлүмүндөгү кылмыш белгилери боюнча тинтүү жүргүзүлдү.

Иш-чаранын натыйжасында, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташуу үчүн салондоруна атайлап жасоо жолу менен орнотулган контейнерлер орнотулган “Ssang Yong Musso” жана “Opel Zafira” унаалары кармалган.

Кармалган унаалар Чек ара кызматынын “Кайрагач” текшерүү пунктуна жеткирилип берилген.

Азыркы учурда фактылык жагдайларды жана контрабандага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>