Баткенде күйүүчү майды Тажикстанга ташуу уланууда — видео

Баткенде күйүүчү майды Тажикстанга ташуу уланууда — видео

Баткен облусунда күйүүчү майды аткезчилик жол менен Тажикстанга ташуу уланууда. Бул тууралуу күбөлөр социалдык тармакка видеолорду жарыялады.

Алардын айтымында, аткезчилер өз иштерин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал жыйынтыктала эле баштаган.

Жүк ташуучулардан эмне үчүн контрабанда менен алектенип жатканын сураганда, айдоочу солярканы Тажикстанга эмес, Лейлек районуна алып бара жатканын айткан.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев контрабанда менен да катуу күрөш жүргүзүлөрүн айтып, Кытай менен Тажикстандын чек арасында контрабанда токтотуларын убадалаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>