Баткенде күндүзгү стационарга 1000ден ашуун орун даярдалды

Баткенде күндүзгү стационарга 1000ден ашуун орун даярдалды

Баткен облусунда күндүзгү стационар үчүн 1000ден ашуун орун даярдалууда. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Баткен облусунун ар бир район шаарында 200дөн орун болот. Учурда Кызыл-Кыя шаары жана Лейлек райондорунда орундуктар даяр болду.

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун тапшырмасына ылайык, эртен 8-июлга облустун бардык аймактарында 200дөн орундар толугу менен даяр болот.

Бул жайлар эгерде пневмания оорусу менен ооруган жарандарга ооруканаларда орундуктар жетпей калса, медициналык жардам көрсөтүү максатында пайдаланылат.

Учурда облустун аймагында обсервация үчүн 1790 орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляция үчүн 435 орунга мүмкүнчүлүктөр бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>